Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

АКШ Түштүк Кореянын сунушун кубаттады


Түштүк Корея, эгер Түндүк Корея өзөктүк курал жасоодон баш тартса, аны электр кубаты менен жабдуу жөнүндөгү демилге көтөргөн эле. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Сеулдун мындай демилгесин пайдалуу сунуш катары мүнөздөдү. Мурдараак Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга макулдугун берген эле. Түндүк жана Түштүк Кореядан башка АКШ, Кытай, Орусия, Жапония катышкан сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы 25-июлда Пекинде өтөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG