Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

Шайлоочуларды маалымат менен жарандык коом жабдыды


БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоодо элди маалымат менен жабдууга жарандык коом олуттуу салым кошту. Мындай билдирүүнү бейшемби күнү Бишкекте өткөн тегерек үстөл талкуусунда Социалогиялык-саясий жана социалдык-психологиялык иликтөөлөр борборунун жетекчиси Венера Өмүралиева билдирди. Президенттик шайлоодогу бейөкмөт уюмдардын салымына арналган бул тегерек үстөлгө 10 бейөкмөт уюм катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 10-июлдагы кезексиз президенттик шайлоого жалпысынан 15 миң байкоочу катышты. Алардын басымдуу бөлүгүн жарандык коомдун өкүлдөрү түздү.

XS
SM
MD
LG