БИШКЕК. «Мен Кыргызстандын жаңы бийлигине оппозия эмесмин, терскерисинче мен жаңы өкмөткө ийгилик каалайм». Мындай пикирин өлкөдөн качып кеткен мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев «Эхо Москвы» радиосуна 13-июлда берген интервьюсунда билдирди. Ошондой эле Аскар Акаев өзүнүн президенттик шайлоо өнөктүгүнө кийлигишпегендигин жана эгерде, жаңы бийлик анын коопсуздугун камсыз кылууга кепилдик бере турган болсо, Кыргызстанга келе тургандыгын билдирди. Эскерте кетүүчү нерсе, мындан бир нече күн илгери вице-премьер-министр Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрүп, он жетинчи июнда өкмөт үйүн басып алуу аркетин Аскар Акаев Москвада туруп, телефон аркылуу башкарып тургандыгын жана Кыргызстандын тартип коргоо органдарында аны далилдеген фактылар бар экендигин билдирген.