Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча жолугушуу болду


Түштүк Корея, Япония жана АКШнын чабармандары бүгүн Пхеньяндын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү иретинде жолугушуу өткөрүштү. Сүйлөшүүлөр 25-июлда Бээжинде башталат деп күтүлүүдө. Сеул Пхеньян атомдук курал жасоого ыңгайлаштырылган долбоорунан баш тартса, энергетикалык жардам беребиз деген сунушун киргизгенден кийин Түндүк Корея алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантууга көндү. Президент Ким Ир Чен анын өкмөтү өзөктүк куралсыз Корей жарым аралын курууну каалайт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG