Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Тажик президенти Ирандын сооода министри менен жолукту


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов жана Ирандын соода министри Мохамед Шариятмадари бүгүн Дүйшөмбү шаарында жолугушуп, тараптар ортосундагы соода алакаларды чыңдоо тууралуу макулдашышты. Сүйлөшүүлөрдө Тажикстандын баш калаасы менен өлкөнүн түндүгүн байланыштырган туннелди куруу маселеси талкууланды. Аталган долбоор Иран тарабынан каржыланууда. Туннель 2006-жылдын жайында бүткөрүлүүгө тийиш. Жетекчилер ошондой эле “Сангтуда-2” гидроэлектростанциясын куруунун деталдарын талкуулашты. Шариятмадари жолугушуудан кийин айткандай, Шанхай кызматташтык уюмунунун алкагындагы бир катар маселелер да сөз кылынды. Жакында Иран уюмда байкоочу деген статуска ээ болгон эле.

XS
SM
MD
LG