БАТКЕН. 15-июлда Баткен медиа борборунда облус губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Султан Айжигитовдун облус башчысынын милдетин алганына 100 күн болгонуна багышталды. Жыйында губернатордун милдетин аткаруучу жергиликтүү журналисттердин бардык суроолоруна жооп берди. Алардын ичинен президенттик шайлоо, чегара, жумушсуздук, миграция жана баткендиктердин социалдык абалы туурасында суроолорго кененирээк токтолду. Андан сырткары жергиликтүү бийликтегилер менен биргеликте Баткен аймагында иштеп жаткан эл аралык уюмдар, донорлордун ишин координациялай турган топ түзүлгөнү айтылды. Жыйындын аягында облус башчысы мындан ары ар квартал сайын облустук жетекчилер менен биргеликте Баткен элинин алдында отчет берип тураарын билдирди.
Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Султан Айжигитов биринчи маалымат жыйынын өткөрдү