Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Ош базарынын менчиктештирилиши кайра иликтенет


БИШКЕК. Ош базарынын эмгек жамааты Ош базарындагы объекттерди төмөн баада сатуу фактысы боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Арыздын негизинде бул чатак боюнча 1998-жылы козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура 12-июлда кайрадан ачып, тергөө ишин жүргүзө баштады. Токсонунчу жылдын аягында козголгон кылмыш ишинде Ош базарына ээлик кылган кооперативдер ассоциациясынын жетекчилиги объекттерди арзан баада, жалган документтер менен саткан деп айыпталган жана андан ассоциация 11 миллион сом зыянга учуруганы аныкталган. Бирок кылмыш иши 1999-жылы жабылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 15-июлда кабарлашты. Башкы прокуратурага арыз жазган эмгек жамаатынын маалыматы боюнча Ош базары мурунку президент Аскар Акаевдин жакын туугандарынын бири Аскар Шамбетовго таандык.

XS
SM
MD
LG