БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын маалымдоосуна караганда, 15-июлда Аксы райондук соту 2002-жылы Аксы окуясында жабыркагандарга 5 миллион 810 миң сом төлөп берилсин деген чечим чыгарды. Бул акча Аксы окуясында жабыркаган 21 адамга төлөнүп берилет. Бул атуулдар 2002-жылдагы окуяда тарткан моралдык зыянын компенсациялоо үчүн кыргыз өкмөтүнө каршы доо арыз менен сотко кайрылган. Буга чейин Четимбаев, Үркүнбаев жана Сатымбаевдын доо арызы Жогорку сотто каралып, алардын ар бирине 1 миллион сомдон төлөп берүү чечими чыгарылган эле. Аксы окуясында беш киши окко учуп, ондогон адам жарадар болгон.