Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Акаевден кол тийбестикти алуу сунушталат


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаевден кол тийбестикти алуу сунушу парламенттин күзгү сессиясына коюлат. Ага каршы Үзөңгүкууштун Кытайга берилиши, 420 миң долларды өз иш бөлмөсүндө алуусу, Аксы окуясы жана Конституцияны бир нече ирет өз пайдасына өзгөртүүсүнө байланыштуу кылмыш иш козгоп, жоопко тартууга даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров 15-июлда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди. Башкы прокуратура ошондой эле 15-июлда президент Аскар Акаевге эскертүү жасады. Анда Акаевдин «Вечерний Бишкек», «Коммерсанть» гезиттерине июль айында берген маегиндеги ой жооруулары Кыргызстанда абалды курчутуп, Кыргызстан элин кордоп жаткандыгы белгиленген. Сиздин «Өкмөт үйүнө чабуул коюуга алдын ала арак ичирилип, банги заттар менен мас кылынган миңдеген согушчандар, криминалдык элементтер жумшалды..», «.. Бул конституциялык көңтөрүш болду. Аны радикалдык оппозиция жетектеп, криминалдык элементтер жана наркомафиянын кызматында тургандар колдоду» деп айткандарыңыз чындыкка туура келбейт. Ал кордоо жана ушактоо. Ал үчүн Кылмыш кодексинин 127 жана 128-беренесинде жаза каралган, деп жазылган Акаевге жасалган прокурордук эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG