Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Шалкар Жайсаңбаев суракка келди


БИШКЕК. Эл аралык издөө жарыяланып, бир канча жылдардан бери таптырбай жүргөн Шалкар Жайсаңбаев 15-июлда Башкы прокуратурага келди. Ал Баш прокурор Азимбек Бекназаров менен жекеме-жеке сүйлөшкөндөн кийин анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргенге караганда, Шалкар Жайсаңбаев жолугушуу учурунда тергөө иштерине жардам берүү ниетин билдирди. “Кыргызгазмунайзат” акицонердик коомунун мурдагы жетекчисине мамлекеттик казынадан чоң каражат уурдады деген айып менен кылмыш иши козголгон. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров издөөдө жүргөн адамдар өз ыктыяры менен тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн келсе, аларга карата жаза чаралары жеңилдетилери жөнүндө 15-июнда билдирген. Бул кайрылуудан кийин мурдагы премьер-министр Николай Танаев да Кыргызстанга келген. Ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча ал эмки аптада сурак бере баштайт. Азимбек Бекназаров билдиргенге караганда, Николай Танаевдин жеке коопсуздугунун сакталышын парламенттин бир нече депутаттары мойнуна алышкан.

XS
SM
MD
LG