Европа комиссиясынын төрагасы Хосе Мануэл Баррозу бүгүн кызмат сапар менен Кытайга келди жана өлкө саясий реформа жүргүзүүгө тийиш деп билдирди:
- Алыскы келечекти карасак, Кытайдагы абал саясий реформа, демократиялык өзгөрүүлөр жана жарандык эркиндиктерге көз каранды. Биздин пикирибизче, мындан аркы экономикалык өсүш жана деги эле өнүгүү үчүн адилет башкаруучулук, адам укуктарын сыйлоо, мыйзамды кармануу жана жарандык коомду өнүктүрүү өтө маанилүү.
Андан тышкары, анын айтымында, 2008-жылы Бээжинде Олимпия оюндары өткөрүлгөнгө чейин Тайван менен мамилелер оңолууга тийиш.