Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

АКШ Конгрессинин мүчөлөрү темир жолдогу коопсуздук тууралуу тынчсызданууда


7-июлда Лондон шаарында бир нече террор аракети ишке ашырылгандан туура бир апта өткөндөн кийин, 14-июлда АКШ Конгрессинин Коопсуздук комитети атайын жыйын өткөрүп, өлкө коопсуздугун талкуулады. Жыйынга өлкөнүн ички коопсуздук министри Майкл Чертофф чакырылып, анын иши бир топ сынга алынды. Мындан бир нече күн мурда Чертофф "Ассошиейтед пресс" агенттигине интервью берип, эң биринчи кезекте аэропорттор менен аба каттамдарындагы коопсуздук күчөтүлүүгө тийиш, анткени бир учак жарылса, же ал барымтага алынып, кайсы бир имаратка барып урулса, миңдеген адам каза болот, бир автобус жарылганда болсо отуздай гана адам өлөт деп билдирген.

Андан тышкары Чертоффтун министрлиги унаадагы коопсуздук боюнча планды эмгиче иштеп чыга элек, Конгресс болсо былтыр андай план 2005-жылдын 1-апрелине чейин тапшырылууга тийиш деп билдирген. Чертоффтун айтымында, маселе өтө татаал болгондуктан, андай план жылдын аягында гана даяр болот, бирок расми түрдө ал жазылып бүтө электигине карабай, министрлик бардык талаптуу иштерди жүргүзүп жатат:

- Расми план иштелип чыгып, Конгресске тапшырыла электиги биз темир жол бекеттеринде жана башка унаа станцияларында коопсуздук чараларын көрбөй жатканыбызыды түшүндүрбөйт. Федералдык жана жергиликтүү бийликтер менен биз иштеп жатабыз, 2001-жылдын сентябрынан бери жана өзгөчө Мадриддеги жардыруулардан кийин темир жолдогу коопсуздук бир топ күчөдү.

Комитет төрагасынын орун басары Бенни Томсондун айтымында болсо абал өтө эле начар:

- Министрлик көрүп жаткан аракеттер Лондондогудай жардыруулардын алдын ала алабы деген суроого мен 'жок' деп жооп берүүгө аргасызмын. Иштелип жаткан план дагы негизинен авикаттамдар менен байланыштуу, темир жолдогу коопсуздукка болсо анда өгөй балага сыяктуу мамиле жасалат. Министрликке быйыл берилген акчанын жети гана пайызы темир жолдогу текшерүүлөргө бөлүнгөн. Бул эч нерсеге жарабайт.

Америкалык бир топ эксперттин пикиринде, террорчулар АКШга жаңы кол салса, дал ушу темир жолдогу жүргүнчүлөргө чабуул жасалышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG