Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Лондондогу жардырууларды иликтөөдө Британия менен Пакистан кызматташууда


Лондондун метро полициясынын башчысы Ян Блэрдин айтымында, шаарда 7-июлда болгон жардырууларга Пакистан жана башка мамлекеттерден келгендердин тийешеси бар. Андан тышкары, белгилүү "ал-Каида" террордук уюмунун байланыштары дагы текшерилүүдө. Жардырууларды ишке ашырган төрт жан кечти жигиттин үчөөнүн ата-энелери Британияга Пакистандан көчүп келген жана Лидс шаарында жашачу, төртүнчү жигиттин теги Ямайкалык, бирок ал дагы Британиянын жараны болчу. Паки, төртүнчү жигиттин теги Ямайкалык, бирок ал дагы Британиянын жараны болчу. Пакистан жетекчилиги ишти тергөөдө британиялык полиция менен кызматташууда.

XS
SM
MD
LG