Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Үркүндүн 90 жылдыгын белгилөө сунушталды


БИШКЕК. 2006-жылдын 3-августунда Үркүндүн 90 жылдыгын өткөрүү жана ал иш чараны уюштуруу максатында мамлекеттик комиссия түзүүнү президент Курманбек Бакиевге сунуштадык деп билдирди 16-июлда “Азаттыкка” “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын ордо кеңешинин төрагасы Дөөлөт Нусупов. Анын айтымында, кыргыз тарыхындагы эң кайгылуу мезгилдердин бири болгон 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 90 жылдыгынын урматына үстүбүздөгү жылдын август айында Чолпоната шаарында илимий конференция өткөрүү пландаштырылууда. Ошондой эле Ысыккөл аймагындагы Бедел ашуусунда үркүндө набыт болгон мекендештердин сөөгүн жыйнап, жерге жашырып, куран окутуу болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG