БИШКЕК. 10-июлдагы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев өлкө башчылыгына мыйзамдуу шайланды деген корутундусун Конституциялык сот 16-июлда жарыялады. Корутундуну Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова окуду. Конституциялык соттун сегиз судьясы тең Курманбек Бакиевдин мыйзамдуу президент болуп шайланды деген корутундуга бир добуштан макулдугун билдиришти.
Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов буга байланыштуу мындай дейт:
- Бүгүн Конституциялык сот 10-июлдагы президенттик шайлоону Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык деп таап, Курманбек Бакиевдин Кыргызстандын президенти болуп шайланышы мыйзамдуу деген корутундусун расмий жарыялады.
Мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде президент Жогорку Кеңеште ант бериши керек. Курманбек Бакиев 10-июлда шайлоочулардын 88,71 пайыз добушу менен беш атаандашын артка калтырган.