Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Пахта заводу Европа банкы менен келишимге кол койду


ЖАЛАЛАБАТ. Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен орусиялык “Лимотекс” компаниясы 6 млн. 500 миң евролук келишимге кол коюшту. “Лимотекс” компаниясы Жалалабат шаарында жылына 35 миң тонна пахтаны кайра иштетүүчү жана пахтадан жип ийрип, жип-шуу, марли, бинт өндүрүүчү цехти иштеткени жатат. Орусиялык фирмага караштуу облустагы ишканаларда миңге жакын адам иштейт. Өндүрүштүк конвейер ишке киришкенде 1240 адам жумуш орду менен камсыз болот. Мындай маалымат облустук бийликтен алынды. Облуста орусиялык бул фирмадан башка Түркия, Германия өлкөлөрүнүн каражатына курулган ондон ашык пахта заводдору бар. Совет биримдигинен бери пахта иштеткен ата мекендик “Ак алтын” акционердик коому ишканадагы коррупциядан улам кудуретсиздик абалга туш болгон. Ишкана Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн мүлк байлыгынын тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG