Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

АКШнын аскердик базасын чыгаруу маселеси эки тараптуу чечилет


БИШКЕК. АКШнын Кыргызстандагы базасынын жайгашышынын мөөнөттөрүнө байланыштуу маселе эки тараптуу мамилелердин форматында чечилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине президенттин маалымат катчысы Авазбек Атаханов 18-июлда билдирди. Ал белгилегендей, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкө башчыларынын Астанадагы жыйынында кабыл алынган Декларацияда Борбор Азиянын аймагында чет өлкөлүк аскердик базалардын жайгашышынын мөөнөттөрүн аныктоо жөнүндө белгиленген. Атахановдун айтуусунда президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын улуттук коопсузудугун камсыз кылуу схемасы өлкөнүн кызыкчылыктарын жана эл аралык, регионалдык коопсуздукту эске алуу менен түзүлүшү керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG