Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Ш.Жайсаңбаев “Кыргызгазмунайзаттын” банкротко учурашы жасалма жол менен болгон дейт


БИШКЕК. 18,5 млн. долларды уурдап алды деген ойдон чыгарылган нерсе, андай суммадагы акча болгон эмес. Бул тууралуу “Кыргызгазмунайзаттын” мурдакы жетекчиси Шалкар Жайсаңбаев 18-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурдакы бийлик өкүлдөрү “Кыргызгазмунайзатты” атайын жасалма жол менен банкротко учуратышкан. Учурунда аталган ишканада 28 мунайбаза, 125 автунааларга май куйуучу бекеттер, 240 вагон-цистерналар болгон. Азыр ал цистерналар кайда экени белгисиз. Ошондой эле Жайсаңбаев ага тагылган айыпты Борбор Азия банкынан 6,5 млн. доллар кредитти ишкананын кызыкчылыгы үчүн алгандыгы менен байланыштырды. Ал акчалар КМШ жана алыскы чет өлкөлөргө табигый газ алуу максатында которуу жолу менен жөнөтүлгөн. Аны тастыктаган документтер бар экендигин билдирди. “Кыргызгазмунайзат” ишканасынын айланасындагы чуулгандуу ишке Башкы прокуртауранын иликтөөсүнөн кийин сот өзүнүн туура баасын бере тургандыгын белгиледи.

1998-жылы 15-декабрда Ички иштер министрилиги тарабынан Шалкар Жайсаңбаевге жана “Кыргызгазмунайзат” ишканасынын айрым кызматкерлерине чоң суммадагы акча каражатын жок кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Ошол убакта аталган ишкананын жетекчиси болуп турган Жайсаңбаев анын үстүнөн туура эмес кылмыш козголгондугуна байланыштуу 7 жыл кошуна мамлекетте жашынып жүргөндүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG