Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

ЕККУнун өкүлү Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына ыраазы


БИШКЕК. 18-июлда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткруучу Феликс Кулов ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерле менен жолугушту. Кулов жаңы өкмөттүн экономикалык программасы, коррупция менен күрөшүү милдеттери, жумушсуздукту жоюуу маселелери боюнча кенен маалымат берип, ЕККУнун Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого карата чыгарган жыйынтыгына ыраазы экендигин билдирди. Ал эми Алоиз Петерле Кыргызстанда президенттик шайлоонун жыйынтыгын демократиялык жактан жетишкендик катарында баалай тургандыгын, бул шайлоо демократия багытындагы чоң тажрыйба экендигин баса белгиледи. Петерле Кыргызстандагы Конституциялык реформаны кубаттаарын, жаңы бийликтин өлкөнү кризистен чыгаруу багытындагы иш чараларын жана коррупцияга каршы күрөшүн колдой тургандыгын, бул маселеде ЕККУ Кыргызстанга көмөк көрсөтөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG