Британия полициясынын айтымында, жекшемби күнү өлкөдө камакка алынган алты адамдын Лондон шаарында 7-июлда ишке ашырылган террор аракеттерине тийешеси жок, алар иммиграция боюнча мыйзамды бузганы үчүн кармалды. Кээ бир маалымат каражаттары кечээ күнү - алар террорчулуктан күнөөлөнүүдө жана Лондондогу жардырууларга тийешеси бар деп кабарлаган.