Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Ирак менен Иран мамилелердин “жаңы барагын” ачууну макулдашышты


Бүгүн Ирак премьер-министри Ибрагим ал-Жаафаринин Иранга сапары аяктады. Жекшембиде ал Иранда президенттиктен кетип жаткан Мухаммад Хатами менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ирандын мурдагы лидери Ирак премьеринин Тегеранга сапарын эки өлкө ортосундагы мамилелер үчүн чечүүчү ролго ээ деп баалады.

Ал-Жаафари - Иранга акыркы ондогон жылдар бою сапарга аттанган алгачкы премьер-министр. Ал жетектеген делегациянын катарында сегиз башка министрлер бар.

Байкоочулардын баамында, Ал-Жаафари Ирактын мурдагы элдешпес душманы болуп келген Иран менен мамилелерди жаңыртууга аракет жасап жаткан алгачкы лидер экенин да даңазалап жатат. Эки өлкө ортосунда 1980-жылдан 88-жылга чейин кандуу согуш болгону да белгилүү.

XS
SM
MD
LG