Бүгүн Ирактын жети башка жерлеринде козголоңчулар сегиз адамды өлтүрүшкөн. Өлгөндөрдүн ичинде ирак полициясынын мүчөлөрү жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери да болгону кабарланды. Андан сырткары, Ирактын баш калаасы Багдадда жана Эл-Махмудияда машинелердин жарылуусунан акыркы 24 саат ичинде эле 22 адам набыт болду.
Өзгөчө трибунал Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейнге 1982-жылы Дуджал деген жерде шийилердин массалык кыргынга алынышы боюнча алгачкы айыптоосун чыгарды. Дуджалда мурдагы диктаторго кол салуу болгондон кийин, 150 адам аттырылган эле.