Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Израил палестин козголоңчуларына кол салууга даяр


Израилдин премьер-министри Ариел Шарон Израил аскерлери эми палестиналык экстремисттерге каршы кайсыл мүнөттө болбосун масштабдуу операцияларды баштоого даяр экенин билдирди. Ушул тапта Газа тилкесинин чек арасында бир канча миң Израил аскерлери турат.

Палестин лидери Махмуд Аббас козголоңчуларды жөөттөргө каршы чабуулдарды токтотууга чакырган эле, бирок андан майнап чыккан жок – кол салуулар токтободу. Жекшембиде израилдик аскерлер эки экстремистти өлтүрүшкөнүн кабарлашты. Ал эми буга каршы “Хамас” радикалдык тобу жөөттөр жашаган жерге ракета ыргытышканын, андан бир канча жөөт жарадар болгонун айтып жатат.

XS
SM
MD
LG