Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Түркия премьер-министри орус президенти менен жолукту


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Сочи шаарында жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташууну кеңейтүү тууралуу макулдашты. Путиндин айтымында, Орусия менен Түркия ортосунда чыныгы кызматташуу болот:

- Эң биринчи кезекте биз, албетте, энергетика сыяктуу салттуу тармактагы кызматташууну кеңейтебиз, биз жөн гана Түркияга мунай менен газ жиберүүнү көбөйтпөстөн, кызматташуу жүргүзөбүз.

Эрдогандын айтымында, Орусия Түркияга жаңы куур жаткыруу маселесин караштырып жатат жана эки өлкө террорчулукка каршы дагы биргелешип аракеттенүү тууралуу макулдашты.

XS
SM
MD
LG