Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ирак жакында жаңы Конституция боюнча референдум өткөрөт


Берлин шаарына кызмат сапар менен келген АКШнын биргелешкен аскерий ордосунун башчысы генерал Ричард Майерс атайын билдирүү жасап, Ирактагы абал жакын арада стабилдешип, өлкөнүн жаңы конституциясын кабыл алууга шарт түзүлөт деп жарыялады:

- Ирактын жаңы Конституциясынын долбоору үстүбүздөгү айдын аягына чейин иштелип чыгууга тийиш жана ал боюнча референдум октябрдын ортосунда өткөрүлөт, ал эми шайлоо декабрга белгиленген. Мен ойлойм, коопуздук, саясий жана экономикалык абал бул иштердин баарын жүзөгө ашыруу үчүн ыңгайлуу эле болот.

Ирактын өзүндө болсо кечээ күнү ар башка жарылуулар жана кагылышуулардан 12 ирактык жаран курман болду, алардын алтоо - полициячы.

XS
SM
MD
LG