Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Качкындар тууралуу туура маалымат тартыш


ЖАЛАЛАБАТ. Жергиликтүү калк менен өзбек бозгундарынын маселесине арналган маалымат жыйынын АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) каржылаган “Айсиди вока” аттуу уюмунун “Кош аракет” долбоору уюштурду. Жыйында бозгундар жөнүндө туура маалыматтын аздыгынан жергиликтүү адамдардын лагерден өзбек жарандарын кууп чыгууга өткөн айда жасаган аракети туура эмес болгону да белгиленди. Долбоор Сузак районундагы качкындарга каршы болгон үч айылдын тургундарынын качкындар лагериндеги жарандар менен жолугушуусун уюштурган. Бозгундар өзбек бийлиги айыптагандай террорист, сепаратист эмес, өз укугун талашкан жөнөкөй жарандар жана Ислам Каримовдун бийлигинен корккондугунан Кыргызстанга качып өтүүгө мажбур болушканы, облуста убактылуу баш калкалап турганы тууралуу түшүнүк беришкен. Жыйынга катышкан жергиликтүү адамдар өзбек бозгундарынын өз өлкөсүнө кайтуусун каалашарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG