БИШКЕК. 19-июлга караган түнү өкмөттүн www.gov.kg дарегиндеги сайты белгисиз хакерлер тарабынан бузулду. Бул дарекке кирүүгө азыр мүмкүн эмес. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, тийиштүү органдар иликтөө ишин жүргүзүп, хакерлерди табууга аракет жасоодо. Ошол эле учурда сайтты калыбына келтирүү иштери да жүргүзүлүүдө.