Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү нааразы


БИШКЕК. Конституциялык кеңешменин бир катар мүчөлөрү Нурлан Садыков, Токторбек Аширкул уулу, Атыркүл Алишева жана Бурул Макенбаева жаңы Конституциянын долбоорунун жарыяланышына нааразылык билдирди. Алардын айтымында, жарыяланган долбоорго мурда макулдашылбаган жоболор кирип калган. Маселен, адам укуктарына байланыштуу бир катар беренелер жазылбай калган. Атыркүл Алишеванын пикиринде, бул Конституциялык кеңешмеде сунуштарды каттоо маселеси начар уюштурулган. Ошондуктан кемчиликтер болууда. Баш мыйзамды реформалоо татаал маселе, бирок ал ачык жүрүш керек, деп белгиледи Алишева.

XS
SM
MD
LG