Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

К. Бакиев: “Соңку 14 жылда мындай шайлоо болгон эмес”


БИШКЕК. Соңку 14 жылда Кыргызстанда 10-июлдагыдай шайлоо болгон эмес. Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерли менен жолугушууда билдирди. Анын пикиринде, бул шайлоо ириде бийлик административдик ресурсту пайдаланбагандыгы менен айырмаланат. Курманбек Бакиев элдин ишеничин акташ үчүн жумушсуздук жоюп, Атамекендик өндүрүштү көтөрүүгө артыкчылык берем деп билдирди. Жолугушууда Алоиз Петерли президенттик шайлоонун жыйынтыгына ыраазы экендигин билдирип, келечекте шайлоочулардын тизмеси багытында ишти өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG