Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

«Кыргызгаз» жетекчилиги Ташкенде


БИШКЕК. «Кыргызгаз» акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов 19-июлда Ташкенге жөнөп кетти. Өзбекстан борборунда ал «Узтрансгаздын» жетекчилиги менен жолугушуп, 2005-2006-жылга газ сатып алуу боюнча башкы макулдашууну түзүүгө аракет жасамакчы. Кыргызстан 2003-жылдын соңунан бери Казакстанга багытталган өзбек газынан алып жагууда. Натыйжада Казакстанга карызы 33 миллион доллар болгон. Бирок анын 17 миллиону төлөндү. Өткөн жумада «Кыргызгаз» Казакстанга дагы 420 миң доллар кошумча төлөп берди. Бул тууралуу «Кыргызгаздын» басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG