Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Качкындар маселеси саясатка жана коррупцияга айланды


БИШКЕК. Кыргыз бийлиги качкындар маселесин саясатка айландырбай тез арада чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Мындай пикирин Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Ал эми “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, өзбекстандык бозгундар маселеси саясатка гана эмес коррупцияга да айланды. Төлөйкан Исмаилова билдиргенге караганда, 18- июлда Өзбекстан бийлигинен 50 качкынды өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч кат келди. Бул маалыматты качкындар лагеринде иш алып барып жаткан “Адилет” бейөкмөт уюмунун лидери Чолпон Жакубова да тастыктады. Анын айтымында, мындай өтүнүч кат 100дөн ашык качкындын тизмеси менен буга чейин да келген.

XS
SM
MD
LG