Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА АЯЛДАР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Гендердик теңчилик боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар азыркы мамлекет башчы бул жаатта чечкиндүү кадамдарды жасайт деген ишеничин билдирип жатышат. Бишкек шаардык кеңешинде гендердик теңчилик жөнүндө болгон “тегерек үстөлдө” аялдарды мамлекеттик кызматка коюу, парламентке жана башка орундарга алып келүү тууралуу сөз болду.

Аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин маалыматы боюнча мамлекеттик кызмат орундарында аялдар көбүрөөк иштеши боюнча Ысыккөл дубаны биринчи орунду ээлейт. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары Ыссыккөлдүн губернаторун гендердик жактан сезимтал жетекчи катары макташты.

Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамала Байболова жок дегенде бир акимди аялдан дайындабаган Бишкектин мэри Аскар Саылмбековго сөз ыргытты. Ал революциядан кийин азырынча бул маселени кайра карап чыга электигин айтып, тамаша- чынга салып мындан кийин гендердик жактан сезимтал болууга убада берди.

Ал эми гендердик саясатка көбүрөөк көңүл буруу жагынан Баткен дубаны алдыда экен. Губернатордун алдында, ар бир акимчиликте гендердик комиссия түзүлүп, айыл өкмөттөрүнө чейин бул багытта тапшырмалар берилиптир. Бирок гендер маселеси канчалаган жылдардан бери айтылып, далай жыйындар, талкуулар өткөрүлгөн менен «тегерек үстөлдө» Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржамал Байболова белгилегендей бүгүнкү акыбалды да моюнга алыш керек. Жогорку Кеңеште бир да аял депутат жок.

- Биздин бүгүнкү акыбалыбыз ушул. Жогорку Кеңеште аялдар жок. Суроо чыгат, эмне үчүн парламентте аялдар жок? Биринчи себеби ушул, аялдар эркек талапкерлердин дубалын жырып өтө алышкан жок. Бул деген бизде аялдардын менчикке кожоюндук кыла албагандыгы менен шартталды.

Нуржамал Байболова ошондой эле аялдарды жок дегенде интеллектуалдык менчикке ээ болууга шашылууга чакырды.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеште президенттин гендердик маселелер боюнча атайын өкүлү деген кызмат киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин катчысы Бактыгүл Тогонбаеванын айтымында, президенттин бул кадамы бир да аял депутат жок парламенттеги бул кемчиликтин ордун кайсы бир деңгээлде толтуруп турат.

Бактыгүл Тогонбаеванын айтымында, Курманбек Бакиев гендердик жактан колдон келген колдоосун көрсөтөм деп билдириптир. Тогонбаева айым аялдарды активдүү болууга чакырып, Бакиев мырзаны гендердик теңчиликке карата оң маанайынан пайдаланып калалы деди.

Бишкек шаардык кеңешинин спикери Нуржмал Байболова экс-президент Аскар Акаев өз убагында кол койгон аялдарды экинчи же үчүнчү мамлекеттик кызматтарга гана койуу жөнүндө жарлыгын жокко чыгаруу керек деген сунушун билдирди:

- Мен Курманбек Салиевич тез арада Аскар Акаевич кол койгон жарлыкты, аялдар социалдык жана башка гана тармактарда гана, ошондой эле экинчи, үчүнчү кызматтарга дайындалышы жөнүндө жарлыгын жокко чыгарышы керек деп айткым келет. Бул жарлык аялдарды кемсинтет. Ошондой эле бардык мыйзам актыларында төрага деп гана жазылбастан кашаанын ичинде төрайым деген да сөз болушу керек.

Бишкектин мэри Аскар Саылмбеков мамлекеттик кызматка аялдарды көбүрөөк тартыш үчүн аларды жарыяланып аткан конкурстарга да активдүү катышууга чакырды. Шаар башчысы жакынды кыргыз милициясынын катары 3000 кызматкерге толукталаарын айтып, бул тармакка да аялдарды да тартуу керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG