БАТКЕН. Долбоордун ишке ашышына өткөн депутаттык жана президенттик шайлоолордо облустун алыскы айылдарында жайгашкан атуулдарынын маалыматтан артта калышы себеп болду, деп маалымдайт Баткендеги “Баар” коомдук фондусунун жетекчиси Данияр Садиев. Баткен районунун үч айылы, Лейлек менен Кадамжай райондорунан бештен айыл бүгүнкү күндө кичи маалымат радио түйүндөрү менен камсыз болушту. Долбоор боюнча берилген жабдуулар мындан ары айылдарга колдонууга калтырылат. Баткен шаарынан 90 чакырым алыс, деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан Кайыңды айылынын айыл башчысы Иманкулов Маматалы өз сөзүндө тоо арасындагы үйлөр бири-биринен алыс жайгашкандыктан айыл тургундарын жыйындарга топтоо аябай кыйынга турчу. Эми бул маалымат түйүнү аркылуу таң эртелеп айыл жаңылыктары, түрдүү куттуктоолор жана жергиликтүү ырчылардын ырлары жаңыра баштаганын айтып өттү. Долбоор Баткендеги “Баар” коомдук фондусу тарабынан ишке ашырылып, ЕККУ тарабынан каржыланууда.