Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Жер алуучулар райондук чиновниктерге нааразы


БИШКЕК. 20-июлда Бишкек шаардык Биринчи май райондук акимиатынын жанына турак жай үчүн жер участкаларына муктаж болгон 60ка чукул адам чогулушту. Алар аталган райондун акимиятынын жер участкаларына тиешелүү жетекчилерине нааразылыктарын билдиришти. Жерге муктаж атуулдардын маалымдашынча, жер алууга тиешелүү документери даяр, кезекте тургандарга Биринчи май районунун чиновниктери создуктуруп, ар кайсы шылтоолорду айтып келишүүдө. Муктаждарга чукул аранын ичинде жер алып берүү үчүн акча үмүт эткен майда чиновниктер да бар. Мындай көрүнүшкө нааразы болушкан жарандар Курманбек Бакиевдин наамына кайрылуу жолдошоорун билдиришти. Ал эми Биринчи май районунун акиминин орун басары Нарынбек Казыбаев Жер участкаларын алууга муктаж атуулдардын маселесин мыйзам чегинде чечип жатканын 20-июлда “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG