Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Эки шайлоо округунда кайра добуш берүү өткөрүлөт


БИШКЕК. 31-июлда Бишкек шаарындагы №11-Курулуш жана №39-Куршаб округдарында кайрадан добуш берүү өтөт. Мындай токтом Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 20-июлда кабыл алынды. Аталган округдарда үгүт иштери 22-июлда баштала турган болду. Буга чейин Куршаб округунан депутаттыкка шайланды деп табылган Адахан Мадумаров вице-премьерлик кызматына байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кайрадан шайлоону президенттин инаугурация аземинен кийинки мөөнөткө белгилөөнү өтүнгөн эле. Эки округдун бир нече шайлоо участкаларында кайрадан добуш берүү Жогорку сот Куршаб округунан депутаттыкка Адахан Мадумаровдун катталышын, ал эми Курулуш округунан Ольга Безбородованын катталышын жокко чыгаргандыгынын негизинде өтөт. Куршаб округундагы шайлоодо экинчи айлампага Мамат Орозбаев, ал эми Курулуш округунан Кабай Карабеков чыккан.

XS
SM
MD
LG