Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:38

ЕККУнун атайын өкүлү БШКда болду


БИШКЕК. Шейшембиде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов ЕККУнун атайын өкүлү Алоиз Петерле менен жолугушту. Петерле 10-июлда өткөн Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо жүргүзүшкөн эл аралык байкоочулардын чыгарган жыйынтыгы тууралуу пикирин айтты. Ал өткөн парламенттик шайлоого караганда президенттик шайлоо бир кыйла акыйкат, ачык, таза өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандагы шайлоо системасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө ЕККУ тарабынан жардам көрсөтүлөөрүн билдирди. Жолугушууга Бишкектеги ЕККУнун борборунун башчысы, элчи Маркус Мюллер катышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан 20-июлда маалымдашты.

XS
SM
MD
LG