Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Курманбек Бакиевди куттуктоолор уланууда


БИШКЕК. Франциянын президенти Жак Ширак президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады. “Сизди Кыргыз Республикасынын президенттигине шайланышыңыз менен кызуу куттуктайм. Шайлоонун тынч өтүшү, кыргызстандыктардын ал өнөктүккө активдүү катышышы, өлкөнүн кайра жаралуусун, коопсуздугун камсыз кылат деп сизге болгон ишеними” деген Жак Ширак . Ал Франция Кыргызстанга ар түрдүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

Ушундай маанайдагы куттуктоону БУУнун кылмыштуулуктун алдын алуу жана баңги заттарын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Антонио Мария Коста да жолдогон. Ал Курманбек Бакиевдин жетекчилиги алдында Кыргызстан бир катар ийгиликтерге жетишерин белгилеген. Ошондой эле БУУнун баңги заттарды көзөмөлдөө башкармалыгы Кыргызстандагы баңги заттарын көзөмөлдөө агенттигине финансылык жана техникалык жардамдын көлөмүн көбөйтө тургандыгын билдирген.

ЕККУнун мурдакы баш катчысы Ян Кубиш да Курманбек Бакиевге жеке куттуктоосун жиберип, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн бет алган жоопту кызматында ийгиликтерди каалаган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG