Палестинада басылып алынган араб жерлеринде курулган жөөт айылдарын Израил өкмөтү көчүрүп жатканына жергиликтүү жөөт тургундары каршы чыгууда жана кечээ күнү Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Наблус шаарында жөөт жана араб өспүрүмдөрү ортосунда уруш чыгып, жөөт балдары 13 жашар араб баланы бычак сайып өлтүрүп салды. Орусиянын Сахалин аралындагы Южно-Сахалинск шаарында болсо франциялык жарандын денеси табылды. Ал Сахалинде иштеген европалык "Ройял Датч Шелл" деген мунай компаниясы үчүн кызмат кылган жана белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, бычактап кеткен.