Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Сенат Кыргызстанга 35 миллион доллар бөлдү


БИШКЕК. АКШнын Сенаты Кыргызстандагы демократиялык жараяндарды колдоого 35 миллион доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми ал мыйзам макулдашуу комиссиясы тарабынан каралгандан кийин президент Жорж Буштун кол коюсуна жиберилиш керек. Бул тууралуу “Газета.ру” интернет-газетасы маалымдаганын жергиликтүү “АКИ-пресс” агенттиги кабарлады. Сенат кабыл алган мыйзамга ылайык мурунку СССРге кирген өлкөлөргө жалпысынан 565 миллион доллар жардам берүү каралган. Алардын ичинен Грузияга 70 миллион, Россияга 95 миллион, Арменияга 75 миллион, Казакстанга 28 миллион, Өзбекстанга 28,5, Тажикстанга 25 миллион доллар бөлүү караштырылган.

XS
SM
MD
LG