Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Коопсуздук системасы оор абалдабы?


БИШКЕК. Ооганстанда террордун очоктору толук жоюлганда гана Кыргызстандан АКШнын аскерин чыгаруу жөнүндө сөз болушу ыктымал. Ошондо да биз өз өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгын жетекчилике алуу менен чечим кабыл алуубуз керек, деп билдирген Коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов «Лица» гезитине 21-июлда жарыяланган маегинде. Россия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Бирок азыркы кезде биздин коомду батыш жана Америкасыз элестетүү кыйын. Ошондуктан өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн баары менен тең ата кызматташуубуз керек, деп белгилеген Ниязов. Ал ошондой эле өлкөнүн коопсуздук системасынын абалына токтолуп, ал акыркы 15 жылда дээрлик талкаланганын жана аны калыбына келтирүү өтө зарылдыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG