Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Ирактан Алжирдин эки дипломаты уурдалды


Багдаддагы алжирлик дипломаттардын айтымында, бул өлкөнүн Ирактагы миссиясынын башчысына кошо алардын дагы бир кесиптешин шаардын батыш тарабынан эки автоунаа менен жүргөн куралчандар кармап кеткен. Кээ бир кабарларда дипломаттардын айдоочусу да уурдалганы айтылууда. Бул - Иракта араб өлкөлөрүнүн дипломаттары уурадалган биринчи окуя эмес. Ушул айдын башында Егитеттин элчиси уурдалып, кийинчерээк ал өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Мунун аралыгында, АКШ ирактыктарды өлкө Конституциясынын долбоорун даярдоону мүмкүн болушунча тезирээк аяктоого чакырды. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели белгилегендей, сунниттер Конституцияны даярдоо жараянына катышуудан баш тартпашы керек. Мурдагы күнү Багдадда сунниттердин Конституцияны даярдоочу комиссияга кирген эки өкүлүн атып кетишкенден кийин, алардын 12 диндеши комиссиядан чыгарын билдиришкен болчу.

XS
SM
MD
LG