Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Грузияда кармалган адам АКШнын президенти Жорж Бушка граната ыргытканын моюнга алды


Владимир Артюнанды кечээ кечинде башкаала Тбилисинин чет жакасынан кармоо учурундагы атышта бир полицей мерт болуп, ал өзү жаракат алган эле. Грузиянын ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, кармалган адам АКШнын президенти Жорж Бушту көздөй граната ыргытканын моюнга алды. Мунун далили катары министрлик кармалган адамдын көрсөтмөсү жазылган тасманы таратты.

Окуя АКШнын президенти Жорж Буш Грузиядагы иш сапарынын алкагында, быйыл 10-майда Тбилисиде эл алдында сүйлөп жаткан кезде болгон. Грузиялык тергөөчүлөрдүн айтымында, граната трибунандан 30 метрдей алыстыкка түшүп, бирок жарылган эмес.

XS
SM
MD
LG