Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Лондондун коомдук транспортунда төрт майда жардыруу болду


Буга байланыштуу шаардык метронун үч станциясы жабылып, ал жерден жүргүнчүлөр эвакуацияланган эле. Жардыруулардын үчөөсү метро поездеринде же алардын жолунда, төртүнчүсү шаардын чыгыш тарабында автобуста болгон. Мында күчтүү жардыруучу заттар менен эмес детанаторлор иштетилгени болжолдонууда. Британ премьер-министри Тони Блэр бүгүнкү окуяларды элди коркутуу аракети катары баалады. Андан бир адам жеңил жаракат алганы кабарланууда. Лондондун полиция башчысынын айтымында, жардыруулар дээрлик удаа жасалган. Мындан эки апта мурун Лондондо метродо жана автобуста орун алган төрт жардыруудан элүү алты адам өлүп, жарадар болгондордун саны 700кө жеткен болчу.

XS
SM
MD
LG