Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кыргыз-казак чек арасында каттоо жеңилдетилет


БИШКЕК. Алматы шаарында Коопсуздук кызматынын төрага орун басары, чек ара күчтөрүнүн командачысы Мырзакан Субанов менен Казакстандын чек ара кызматынын жетекчиси Болот Закиев жолугушту. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматынан 22-июлда маалымдашты. Анда эки тараптуу кызматташтык, эл аралык терроризм, мыйзамсыз баңги заттарын, курал жарак алып өтүүгө аракеттенген аткезчилерге каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Эки өлкөнүн чекара кызматтарынын башчылары кыргыз-казак чекара бекеттеринде атуулдарды текшерип өткөрүүдө жөнөкөйлөтүлгөн маселени чечишти. Мындай кадам карапайым атуулдардын чек ара каттамдарына жеңилдик берет.

XS
SM
MD
LG