Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Жаза өтөгөндөрдүн арасында СПИД менен ооругандар көп


БИШКЕК. Учурда абакта жаза мөөнөтүн өтүп жаткандардын бир күндүк тамагы 17 сом. План боюнча 26 сом болуш керек. Бул системаны кармап турууга жылыга 250 млн. сом керектелет. Бирок мамлекет 70 млн. сом гана берүүдө. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы жаза өтөө башкармалыгынын жетекчиси Ихматулла Полотов 22-июлда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жылдар аралыгында күчөтүлгөн режимдеги 28 кылмышкер качып кеткен. Өткөн жылы алардын экөө кармалып, жаза өтөө жайларына кайтарылган. 1997-жылы “Абакта кармоонун жаңы түрлөрүн жана 10 түрмө куруу жөнүндө” өкмөттүн токтому чыккан. Бирок ал токтом аткарылган эмес. Бүгүнкү күндө 2 абак куруулууда. Чүй облусунда бир убактылуу кармоочу жай курулууда. Нарын шаарындагы атайын бөлүнгөн имарат өлүм жазасына чегерилгендерди кармоочу түрмөгө ылайыкташтырып салынат.

Учурда абактарда жаза өтөгөн 128 адам ВИЧ-СПИД, 2 миңге чукул адам кургак учук менен оорушат. Ошондой эле Ихматулла Полотов Жеңиштин 60 жылдык мааракесине карата жаза мөөнөтүн өтөгөн жайлардагы 3 миңге чукул атуулга мунапыс берилээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG