Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Карасуу районундагы Кызылкыштак айылындагы жерди басып алгандар ачкачылык жарыялашты


ОШ. “Жер ээлеп алуучулар” коому деп өздөрүн атап алышкан Ош шаарынын жер алууга муктаж тургундары өздөрүнүн мүчөлөрүнүн санын көбөйтүшүүдө. Аталган коомдун жетекчиси Рахима Матраим кызы жер алууга өтө муктаждардын санын түзгөн тизмеге 300гө жакын адам катталгандыгын билдирди. Жер басып алуучулардын лидерлеринин дагы бири Динара Камалова 2004-жылы Ош шаарындагы мамлекеттик резиденция аймагындагы 220-кварталда 10 гектардан ашуун жер 46 адамга мыйзамсыз берилген фактынын бети ачылгандыгын билдирди. Динара Камалованын айтымында, ал жерден жер алгандар жалаң жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер жана алардын жакындарынан болушкан. Жер басып алуучулар мына ушундай мыйзамсыз иш-аракеттердин бети ачылбай жана аларга чара көрүлбөй жаткандыгына байланыштуу нааразычылыктын белгиси катары ачкачылык акциясын башташкандыгын жарыялашты.

XS
SM
MD
LG