Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Баш прокуратура 100 күндүк программасын аткара алган жок


БИШКЕК. Башкы прокуратуранын 100 күндүк программасынын алкагында 194 кылмыш иши ачылып, алардын ичинен 12 пайызы гана сотко жиберилди. Буга чейин ири өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдаган, чоң кылмыш иштерин жасаган деп айыпталган 24 адам, алардын ичинде Шалхар Жайсанбаев, Эдуард Пак, Рыспек Акматбаев келип, көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Бирок Башкы прокуратура 100 күндүк программаны начар аткарды. Бул тууралуу 22-июлда Баш прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. 100 күндүк программада башкы багыттар катары коррупцияга каршы күрөшүү, атуулдардын укуктарын коргоо, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөгү, жер үлүштөрүн бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузууларды иликтөө, 24-марттагы талап-тоноочулук фактылары боюнча тергөө иштерин жүргүзүү белгиленген. Азимбек Бекназаров кызматтык милдеттерин так аткара албаган прокурорлор иштен бошотулат деп билдирди. Башкы прокуратуранын 100 күндүк программасы боюнча иштер мындан ары да улантылат.

XS
SM
MD
LG