Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Жаңы шайланган президентти куттуктоолор уланууда


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевди Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер куттуктады. Ал Курманбек Бакиевдин башкаруу мезгилинде Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер мындан да жакшырышына, мамлекетте демократиянын өнүгүшүнө, мыйзамдуулуктун жана эркиндиктердин үстөмдүгүнө жол берилишине ишеничин билдирген. Ахмет Неждет Сезер ошондой эле Түркия Кыргызстанды анын өнүгүүсү үчүн жасала турган кадамдарын колдой тургандыгын билдирди. Курманбек Бакиевге ошондой эле президенттикке шайланышы менен Болгариянын президенти Георги Пырванов да куттуктоо жолдоду. Георги Пырванов Кыргызстан мындан ары тынчтыкты, демократияны жана коопсуздукту бекемдөө багытындагы реформалардын жүргүзүлүшүнө ишеничин билдирип, Болгария Кыргыз мамлекети менен ар тараптуу кызматташууларды өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилеген.

XS
SM
MD
LG