Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Грузияда кармалган жигит АКШ президентине граната ыргытканын мойнуна алды


20-июлда Грузияда кармалган Владимир Арутюнян - үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү Тбилисиге АКШ президенти Жорж Буш келгенде, ага граната ыргытканын мойнуна алды жана эгер дагы мүмкүнчүлүк түзүлсө, дагы ошондой кылууга даяр экенин билдирди. Арутюнян азыр ооруканада, кармоо учурунда ал каршылык көрсөткөндүктөн ок атышуу чыгып, ага эки ок тийген, бир полициячы болсо курман болгон. Арутюнян ыргыткан граната америкалык президентке 30 метр жетпей түшкөн, бирок жарылбай калган.

XS
SM
MD
LG