АКШнын атайын маселелер боюнча элчиси Пиер-Ришар Проспердин айтымында, жакында Ооганстан менен Сауд Арабияга атайын өкүлчүлүктөр жиберилет жана алар - Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасында кармалган кээ бир туткундарды ал мамлекеттерге жиберүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырат. Азыр базада террорчулуктан шектелген 510 адам кармалууда, алардын көпчүлүгү - Сауд Арабия менен Ооганстандын жарандары. АКШ Коргоо министрлиги 20-июлда тараткан маалыматка караганда, Гуантанамо базасынан сегиз туткун жакында бошотулган.